🇰🇬 Астанада Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-отуруму болуп өттү.
🤝 Отурмунда Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов катышты.
📄 Жолугушууда тараптар мурдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларда кабыл алынган документтердин аткарылышын талкуулашты, анын ичинде 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыктын Комплексдүү планы жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча Жол картасы.
🌍 Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер каралды.
🔍 Жолугушуу Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы кызматташууну күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.






