





[adrotate_integration id=”2″]🌍 Астанада “Кытай – Борбордук Азия” аттуу экинчи маалымат агенттиктеринин форуму өтүп жатат. Бул иш-чараны Кытайдын “Синьхуа” агенттиги жана Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси уюштурган. Форумга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
🤝 Форумдун негизги темаларынын бири — “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында медиа кызматташтыкты тереңдетүү. Ошондой эле, эл аралык коммуникациянын жаңы формаларын өнүктүрүү, маданий мурасты сактоо жана “Санарип Жибек жолу” концепциясын ишке ашыруу маселелери талкууланууда.
📢 Казакстандын президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев форумда сөз сүйлөп, президент Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катын окуп берди. Ал медиа уюмдардын кызматташуусу өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирип, форум катышуучуларына жемиштүү иштөөнү каалады.
🤝 “Синьхуа” агенттигинин башкы директору Фу Хуа Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрү жакын коңшулар гана эмес, ишенимдүү өнөктөштөр жана чын жүрөктөн дос экенин белгиледи. Ал маалымат алмашуу, биргелешкен изилдөөлөр жана конструктивдүү демилгелерди колдоо боюнча Борбордук Азиядагы кесиптештери менен бирге иштөөгө даяр экенин айтты.
🌟 КНИА “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев медиа тармагындагы кызматташтык элдерди жакындатууга жана универсалдуу баалуулуктарды бекемдөөгө чоң салым кошоорун баса белгиледи. Ал Борбордук Азия быйыл мамлекеттик чек араларды делимитациялоону аяктап, достук, экономикалык кызматташтык жана жалпы коопсуздук мейкиндигин бекемдегенин кошумчалады.
🌐 Борбордук Азиянын лидерлери бул аймакты түбөлүк тынчтык аймагы деп жарыялап, бул саясий жетишкендикти белгилешти. Регион өнөктөштөр менен биргеликте континенттин туруктуу, тынч жана өз ара пайдалуу өнүгүүсүнө багытталган Улуу Евразиялык өнөктөштүктү түзүүгө салым кошууда.
🗞️ Эксперттер Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрү дүйнөлүк тартипти адилеттүү жана тең салмактуу кылып куруу боюнча биргелешип иштөөгө киришкенин белгилешти. 3000 километрден ашык жалпы чек аралар — бул картадагы сызык эле эмес, аймактын элинин жыргалчылыгы үчүн колдонулушу керек болгон чоң мүмкүнчүлүк.
📣 “Кабар” агенттиги коомдук пикирди калыптандырууда, стереотиптерди жеңүүдө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө маалымат каражаттарынын негизги ролун баса белгиледи. Агенттиктин атынан бардык багыттар боюнча кызматташууга даярдыгыбызды билдирем. Бардык тараптардын активдүү колдоосу менен маалымат чөйрөсүндө бекем жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзө алабыз деп ишенем.






