











🎶 Кыргызстандын борбору Бишкекте Азербайжан искусство устаттарынын гала-концерти болуп өттү.
🤝 Бул иш-чара Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулуп, эки элдин маданий байланышын чыңдоого багытталган.
🎤 Концертте эки өлкөнүн маданият министрлери жана коомдук ишмерлер катышып, кыргыз жана азербайжан элдеринин тарыхый жана маданий байланышын баса белгилешти.
🎵 Сахнада азербайжан улуттук ыр-бийлери жана кыргыз композиторлорунун классикалык чыгармалары аткарылып, азербайжан улуттук аспаптарынын коштоосунда угармандарга тартууланды.
👏 Атай Огонбаев, Калый Молдобасанов жана Муратбек Бегалиевдин чыгармалары өзгөчө жылуу кабыл алынып, көрүүчүлөрдүн зор кубанычын жаратты.
🌟 Бул иш-чара эки элдин маданияттарын жакындатууга жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошту.