🌼 Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленет.
🎉 Бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарында Нооруз майрамына арналган ири иш-чаралар өтөт.
🎤 Кыргыз Республикасынын президентинин катышуусу менен майрамдын мааниси дагы да жогорулайт.
🎶 Салтанаттуу бөлүмдө мамлекеттин башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөйт, андан кийин белгилүү артисттердин, чыгармачыл топтордун жана аткаруучулардын катышуусунда концерттик программа көрсөтүлөт.
💃 “Шаттык” бий ансамбли 120 адамдан турган курамы менен жана 50 добулбасчы менен чоң көркөм көрсөтүү уюштурулат.
🎊 Нарын шаары майрамдык маанайга толуп, улуттук салттар, музыка жана маданий баалуулуктар кеңири көрсөтүлөт.
🕊️ Ушул күнү шаардыктар менен конокторду Ноорузду биргеликте тосууга чакырышат.






