🎓 30-июнда саат 9:00дө өлкөдөгү бардык мектептерде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди салтанаттуу тапшыруу аземи өтөт.
📄 9-класстын окуучулары негизги жалпы билим берүү тууралуу күбөлүктөрдү алышат.
📜 11-класстын бүтүрүүчүлөрү орто жалпы билим берүү тууралуу аттестаттарга ээ болушат.
👨🎓 2024–2025-окуу жылында 134 681 окуучу 9-классты, ал эми 80 540 окуучу 11-классты аяктайт.
🛡️ Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине документтерди тапшыруу учурунда бардык коопсуздук чараларын сактоо милдеттендирилди.
🎉 Министрлик бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, алардын билим алуу жана кесиптик өсүү жолунда ийгиликтерди каалайт.