Бакыт Торобаев 2030-жылга чейин Тоң районун өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Кыргызстандын Тон районунун 2030-жылга чейинки өнүгүүсү боюнча жыйын өтүп, айыл чарба, туризм жана өндүрүштөгү потенциалды ачууга басым жасалды. Инфраструктураны жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу пландары талкууланды.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын, Тон районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талкуулоо жана аны 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо боюнча жыйын болуп өттү.

📈 Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев, Тон районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, айыл өкмөтү, тиешелүү министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бакыт Торобаев Улуттук программаны ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Программалык максаттардын бири катары жан башына чаккандагы ИДПны 4 500 АКШ долларына жеткирүү жана жалпы ИДПны 30 млрд АКШ долларынан кем эмес камсыз кылуу максаттары коюлган.

🌾 Тон району айыл чарба, өндүрүш жана туризм тармагында чоң потенциалга ээ. Бул потенциалды ачуу үчүн Улуттук программанын алкагында иш-аракеттерди багыттоо зарыл. Инфраструктураны жакшыртуу, элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана райондун туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн конкреттүү, өлчөнүүчү кадамдар талап кылынат.

💼 Жыйындын жыйынтыгы боюнча Тон районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына төмөнкү тапшырмалар берилди: Улуттук программасында көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарды жана өнүгүү векторлорун (айыл чарба, туризм, индустриализация, жашыл энергетика жана регионалдык хаб) эске алуу менен 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу; райондун экономикасына инвестицияларды (мамлекеттик жана жеке) тартуу боюнча ишти күчөтүү.

📜 Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы 2025-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №178 Жарлыгы менен кабыл алынган. Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктаган стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген