Бакыт Торобаев Базар-Коргон районундагы ири канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Базар-Коргон районунда 100 миң тоок багууга ылайыкталган ири канаттуулар фабрикасы курулууда. Долбоор үч этапта ишке ашырылып, 2026-жылга чейин толук кандуу пайдаланууга берилет.

[adrotate_integration id=”2″]

🐔 Жараке айылында 100 миң тоок багууга ылайыкталган ири канаттуулар фабрикасы курулууда.

💰 Фабриканын жалпы сметалык баасы 185 миллион сомду түзөт, ал эми бүгүнкү күнгө чейин 105 миллион сомдук иштер аткарылган.

📅 Эксплуатация үч этапта жүргүзүлөт: 2025-жылдын май айынан баштап 31 миң тоок өстүрүлө баштаган, октябрь айында дагы 31 миң тоок кошулат, ал эми 2026-жылы эт багытындагы канаттууларды өстүрүү пландалууда.

🌾 Май айынан тартып ишке кирген комбикорм өндүрүүчү цех да курулган, анда иштегендердин орточо айлык акысы 30 миңден 50 миң сомго чейин.

🔍 Бул долбоор аймактагы экономикалык өнүгүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген