💰 Кыргызстанда “балага сүйүнчү” төлөмүн санарип форматка киргизүүнү пландап жатышат.
📊 Улуттук банк санариптик социалдык төлөмдөр долбоорунун экинчи фазасын талкуулоо үчүн министрликтер менен жыйын өткөрдү.
🔧 Жолугушууда “балага сүйүнчү” төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн санариптик сом платформасынын архитектурасынын долбоору сунушталды.
🤝 Катышуучулар долбоордун үстүндө техникалык адистер менен биргеликте иш алып баруу боюнча келишимге келишти.
📅 Долбоор Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында социалдык төлөмдөрдү жакшыртууга багытталган.