Балыкчы шаарындагы жер тилкеси жана кампалар мамлекетке кайтарылды.

Балыкчы шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 1,8 га аянттагы жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекетке кайтарылып, шаар мэриясынын балансына коюлду. ГКНБ бул багыттагы иштер улантылаарын билдирди.

[adrotate_integration id=”2″]

🔍 Балыкчы шаарындагы 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекетке кайтарылды.

📜 Бул объект мурда “Балыкчы-Жүргүнчү” мамлекеттик авто транспорт ишканасынын башкаруусунда болгон.

⚠️ Иссык-Көл облусунун мамлекеттик мүлк фонду мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга түз сатуу жолу менен өткөрүп берген.

📄 Жеке адамдар мыйзамсыз түрдө мамлекеттик акт (“кызыл китеп”) алып, жер тилкесин жана курулуштарды менчикке өткөрүп алышкан.

🏢 Жыйынтыгында, объект мамлекетке кайтарылып, Балыкчы шаарынын мэриясынын балансына киргизилди.

🔎 ГКНБ мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлк комплекстерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ишти улантат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген