🇰🇬 Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу 16-апрелде Facebook’тагы “Балыкчы пресс” баракчасында түз эфир өткөрүп, шаар тургундарынын суроолоруна жооп берет.
💬 Мэриянын басма сөз катчысы Мээрим Асанованын айтымында, мэр 2024-жылы республикалык бюджеттен Балыкчынын өнүгүүсүнө бөлүнгөн 300 миллион сомдун кандай өздөштүрүлгөнү тууралуу отчет берет.
🏗️ Ошондой эле, быйылкы жылы министрлер кабинети тарабынан инфраструктуралык долбоорлорго бөлүнгөн 500 миллион сомдун кандайча өздөштүрүлөрү жөнүндө айтып берет.
⏰ Эфирдин узактыгы 1,5-2 саатка созулат деп күтүлүүдө. Эфир саат 11:00дө башталат.