🔍 Балыкчы шаарында балдарга туруктуу психологиялык колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы талкууланды.
👥 Жыйынга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышты.
🛡 Балдардын укуктарын коргоо, зомбулуктун алдын алуу жана мамлекеттик, муниципалдык түзүмдөрдүн балдардын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруудагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
🚨 Жыйындын жүрүшүндө зомбулук учурларын эрте аныктоо, социалдык кызматкерлердин жана балдарды коргоо боюнча адистердин ролун күчөтүү жана жабыркаган балдарга өз убагында психологиялык жардам көрсөтүүнүн зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
🧠 Балыкчы шаарынын мэриясы зомбулукка кабылган жана оор турмуштук кырдаалдагы балдарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн убактылуу психологдорду тартуу чечимин кабыл алды.
📊 Балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө туруктуу психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдө психологдун штаттык бирдигин киргизүү маселеси иштелип чыгат.
🤝 Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну улантуу зарылдыгы белгиленди.






