

📷 Балыкчы шаарында заманбап видеокөзөмөл камераларын орнотуу башталды, бул “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
👮♂️ Долбоордун максаты – коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана шаардын тургундарынын коопсуздугун жогорулатуу.
💰 Иссык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 8 миллион сом бөлүнүп, 360 градус айланма 48 камера сатып алынат. Бирок бул каражат жетишсиз болуп, мэрия ишкерлерге өз объектилерине камера орнотууну сунуштады.
🏫 Жергиликтүү бюджеттен дагы 3 миллион 600 миң сом бөлүнүп, мектептерге 36 видеокамера орнотууга жумшалат.
📅 Жабдууларды орнотуу иштери 1-июнга чейин аякташы пландалууда.