[adrotate_integration id=”2″]
😢 Индиянын Бангалор шаарындагы крикет стадионунда болгон кайгылуу окуя 11 адамдын өмүрүн алып кетти, дагы 50 адам жаракат алды.
🏟️ Окуя Мангалама Чиннасвами стадионунун жанында болгон. Бул стадион 32 миң адамды батыра алганы менен, бул жолу 200 миңден ашуун күйөрмандар Royal Challengers Bengaluru командасынын биринчи чемпиондук жеңишин майрамдоо үчүн чогулушкан.
👶 Давкада бир бала каза болгону айтылууда, ал эми 50гө жакын адам оор абалда ооруканаларда жатат.
🇮🇳 Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул кайгылуу окуяга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты жана бул окуяны “жүрөк ооруткан” деп атады.






