

[adrotate_integration id=”2″]🛣️ Барскоон айылын Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Бедел көзөмөл өткөрүү пункту менен байланыштырган жолдун узундугу 150 чакырымга жакын.
🛠️ Жолдун курулушу болжол менен 5 жылга созулат жана ал жолдун категориясын өзгөртүүнү, эки туннелдин жана 30дан ашуун көпүрөнүн курулушун камтыйт.
🏔️ Лавиналардан коргоо үчүн галереялар, таш жана сел агымдарынан коргоочу тосмолор да курулат.
🔋 Жолдун боюна эки комплекстүү тейлөө зонасы курулат, аларда автоунаа токтотуучу жайлар, май куюучу станциялар, электромобилдер үчүн заряддоо станциялары, тейлөө объекттери жана соода имараттары болот.
🚗 2029-жылдын күзүндө автоунаалар үчүн жол ачылат.
🛤️ 2024-жылы Барскоон-Уч-Турфан-Аксу эл аралык коридорунун курулушу башталып, Бедел өткөрүү пунктуна чейин 58 км убактылуу жолдун курулушу аяктаган.






