🚔 Бишкекте авто сатуу боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды.
📞 Милицияга Р.Э. аттуу жаран кайрылып, Б.Н. аттуу жаранга каршы чара көрүүнү өтүнгөн.
🚗 Б.Н. автоунаа сатамын деп, KIA Sportage, BMW X7 жана Lexus LX 570 маркасындагы унааларды сатып, акчаны алып качып кеткен.
⚖️ Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголду.
📅 Б.Н., 1984-жылы туулган, кармалып, эки айга камакка алынды.
📢 Милиция шектүү тууралуу башка да алдамчылык фактылары бар экенин белгилеп, жабыркагандарды же маалыматка ээ адамдарды байланышууга чакырат.






