📍 Башкы прокурор Талас облусуна иш сапары менен барды.
👥 Максат Асаналиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз-муңун угуп, арыздарын кабыл алды.
⚖️ Жыйында социалдык көйгөйлөр жана мыйзам бузуулар, ошондой эле укук коргоо органдарынын иши талкууланды. Башкы прокурор мыйзамдуулуктун сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
🔍 Асаналиев жарандардан түшкөн ар бир кайрылуу кылдаттык менен каралып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн ишендирди.
🏢 Иш сапардын жүрүшүндө ал облустук прокуратуранын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен да таанышып, алардын социалдык маселелерине көңүл бурууну убада кылды.
🔒 Башкы прокурор Талас облусунун прокуратурасынын иштөөсү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.