






⚡️ Сары-Алтын айыл аймагында жаңы гидроэлектростанция курулууда.
🔧 Кадамжай районунун Сары-Алтын айыл аймагында «Кожо-Кайыр» аттуу каналда кичи гидроэлектростанция курулуп жатат.
💡 ГЭСтин кубаттуулугу саатына 650 кВт түзөт, ал эми анын ишке кириши 2025-жылдын 31-августуна белгиленген.
💰 Курулушка 440 миң АКШ доллары инвестиция бөлүнгөн, анын ичинде 25 миллион сом Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан насыя катары берилген.
👷♂️ Проект 10 жаңы жумуш орундарын түзөт жана жергиликтүү деңгээлде электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууга багытталган.