Баткен облусунда жарым жылдын жыйынтыгы чыгарылды: 78 ишкана жана 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Баткен облусунда 78 жаңы ишкана ачылып, 349 жумуш орду түзүлдү. Жеке инвестициялар 349 млн сомду түздү, мамлекеттик ишканаларды эске алуу менен кошумча 4738 жумуш орду пайда болду.

[adrotate_integration id=”2″]

📰 Баткен облусунда 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча жыйынтыктоочу коллегия өткөрүлдү.

🏢 Баткен облусунда 2025-жылдын алгачкы алты айында 78 жаңы ишкана ачылды. Бул ишканалардын ичинен 15и өнөр жай продукциясын өндүрүүчү чакан ишканалар, 1и айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, 7и айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар болуп саналат.

💼 Кызмат көрсөтүү тармагында 36 жаңы ишкана жана 17 жаңы соода борбору ачылды. Бул ишканалардын ачылышы менен 349 жаңы жумуш орду түзүлдү.

💰 Жаңы ишканаларды курууга жана ишке киргизүүгө 349 миллион сом жеке инвестиция жумшалды. Мамлекеттик ишканаларды кошкондо, жалпы 4738 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген