



🏫 Мин-Жыгач айылында жаңы мектеп салынып жатат.
📚 Бул мектеп 225 окуучу үчүн ылайыкталган жана 2023-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.
🏗️ Мектептин жалпы аянты 1656 чарчы метрди түзөт жана ал төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы.
🔬 Мектепте негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, актовый зал, медициналык кабинет жана балдар менен кыздар үчүн эмгек кабинеттери каралган.
📅 Мектепти пайдаланууга берүү быйылкы жылга пландалган.