Баткенде «Үй-бүлөдөгү зомбулуксуз – коомдогу зомбулуксуз» форуму өттү

Кадамжай шаарында өткөн форумда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланып, коомчулукка анын маанилүүлүгүн жеткирүү үчүн театралдык көрүнүштөр жана концерттик программалар көрсөтүлдү.

[adrotate_integration id=”2″]

🎨 Кадамжай шаарында “Үй-бүлөлүк зомбулуксуз – коомдук зомбулуксуз” аттуу форум болуп өттү.

🗣️ Форумдун башында катышуучулар зомбулук темасына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.

👥 Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жаштар кеңештери катышты.

🎭 Форумдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери талкууланып, анын алдын алуу чаралары сунушталды. Театралдаштырылган сценкалар жана таасирдүү чыгармалар коомчулуктун көңүлүн бул маанилүү маселе боюнча бурууга багытталды.

🏆 Үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүлүп, спорттук оюндар жана концерттик программа уюштурулду.

📜 Форумдун аягында резолюция кабыл алынып, бул багытта иштеген активдүү катышуучулар жана кызматкерлер сыйланды.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген