








[adrotate_integration id=”2″]

🏗️ Баткен шаарында мамлекеттик «Менин үйүм – 2021–2026» программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жигердүү жүрүп жатат.
🏢 Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Асман Резиденс №1» турак жай комплекси 7 гектар аянтта курулууда. Бул долбоордо 37 блоктон турган 12 кабаттуу үйлөр курулуп, жалпы 2 364 батирди камтыйт.
👷 Учурда курулуш иштеринин алты кабаты бүткөрүлдү. Объектте 500гө жакын жумушчу иштеп, курулуш материалдары жана техника менен камсыздалган.
⚽ Турак жай комплексинде спорттук жана балдар аянтчалары, жер астындагы унаа токтотуучу жайлар, коомдук тамактануу жана соода аймактары каралган.
🏠 «Менин үйүм – 2021–2026» программасынын алкагында Баткенде үч турак жай комплекси курулууда: «Асман Резиденс №1», «Асман Резиденс №2» жана «Асман Резиденс №3». Бул комплекстерде жалпы 4 116 батир болот.
🌍 Баткен облусунун бардык райондорунда, анын ичинде чек арадагы айылдарда да ипотекалык турак жайлар курулат. Бул үчүн тиешелүү жер тилкелери бөлүнүп, долбоордук сунуштар даярдалган.






