









🎉 Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди.
🌺 Салтанаттуу иш-чаралар Баткен шаарындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу менен башталды.
👥 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана согуш ардагерлери менен бирге согушта курман болгондордун урматына куран окулуп, эскерүү зыйнаты өткөрүлдү.
🚶♂️ “Өлбөс полк” жөө жүрүшү шаардын көчөлөрү аркылуу борбордук стадионго чейин уланды.
📢 Борбордук стадиондо расмий бөлүк улантылып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов куттуктоо сөзүн айтты.
🎭 Апаз Жайнаков атындагы облустук драмалык театрдын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көргөзмө жана жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.
📜 Баткен облусунан фронтко 21 500 жоокер кеткен, алардын 14 000и согуштан кайтып келген эмес. 7 500 жоокер согуштан кайтып келип, согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине активдүү катышкан.
🇰🇬 Баткен эли Жеңиш майрамын 67 согуш ардагери менен тосуп алды.