Баткенде жаңы мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Баткенде жаңы мектептин курулушунда бузулуулар аныкталды. "Сапат Строй Курулуш" компаниясы курулуш этаптарын жана коопсуздук талаптарын аткарган эмес, бул үчүн айып пул салынды.

🏫 Баткенде жаңы мектептин курулушунда кемчиликтер аныкталды.

🔍 Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти Баткен облусундагы курулуш объектилеринин сапатын текшерди.

🏗️ Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан Д. Жороева атындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушунда “Сапат Строй Курулуш” компаниясы бир катар кемчиликтерди кетиргени белгилүү болду.

⚠️ Курулуштун негизги этаптары контролго алынбай, коопсуздук техникасынын талаптары сакталбаганы аныкталды.

📜 Компанияга карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди, ошондой эле административдик айып салынды.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген