

[adrotate_integration id=”2″]📈 Баткен облусунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын талдоо үчүн облустук коллегия өткөрүлдү.
🏭 Баткен облусунда 2025-жылдын алгачкы алты айында 78 жаңы ишкана ачылды.
👷♂️ Бул ишканалардын ичинен 15и өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү чакан ишканалар, 1и айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү ишкана, 7и айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, 36сы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана 17си жаңы соода борборлору болуп саналат.
💼 Натыйжада, 349 жаңы жумуш орундары түзүлүп, алардын курулушу жана ишке кириши үчүн 349 млн сом жеке инвестициялар тартылды.
📊 Мамлекеттик ишканаларды кошкондо, жалпы 4738 жаңы кошумча жумуш орундары түзүлдү.






