🌍 Баткенде кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо комиссиясынын жыйыны өттү.
🤝 Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору мамлекеттер ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселесин талкуулашты.
🔍 Жыйындын жүрүшүндө чек аранын айрым тилкелеринде анын сызыгын тактоо үчүн жер-жерлерде изилдөө иштери жүргүзүлдү.
📝 Сүйлөшүүлөр достук маанайда өтүп, тараптардын өз ара түшүнүшүүсүнө өбөлгө түздү.
📄 Жолугушуунун соңунда жетишилген макулдашууларды бириктирген тиешелүү Протоколго кол коюлду.