Базар-Коргон районунда 500гө жакын адам жеринен ажыратылып, үйлүү жарандарга берилди

Акман айылынын аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. 2019-2022-жылдары 30 гектар жер 512 жаранга мыйзамсыз берилген, мамлекетке 297 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

📰 Акман айылынын аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

📊 Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 297 миллион сомдон ашты.

🏢 2019-2022-жылдары айыл аймактын, каттоо жана архитектура органдарынын кызматкерлери 30 гектардан ашык жерди мыйзамсыз түрдө 512 жаранга бөлүп беришкен.

👥 Бул мыйзамсыз аракеттерден улам, расмий тизмеде турган 474төн ашык адам өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын пайдалана албай калышты.

⚖️ Коррупция фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x