











🛒 Бишкек шаарында 2-июлда Ош, Аламедин, Ортосай жана Дордой Фуд базарларында Бишкек шаардык антимонополия кызматы тарабынан эт (уй эти, кой эти) жана башка социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
📈 Мониторинг учурунда базарларда иштеген сатуучуларга эт бааларынын өсүшүнө жол бербөө жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
🗣️ Базар администрациялары тарабынан да Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамдарынын нормаларын так сактоо жана учурдагы мыйзамдардын жоопкерчилик нормалары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
📊 Бул иш-чаралар базарлардагы баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында өткөрүлдү.