Беларусьта кыргызстандык жоокерлердин урматына сквер отургузулду

Беларусиянын Витебск облусунун Бешенкович районунда Кыргызстандын элчилиги тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотууда салым кошкон кыргызстандык жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

🇰🇬 Бешенкович районунда Кыргызстандын Беларусиядагы элчилиги тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусьту бошотуу үчүн күрөшкөн кыргызстандык жоокерлердин урматына иш-чара өткөрүлдү.

🌲 Иш-чара Беларусиянын Токой чарба министрлиги, Коргоо министрлиги жана Бешенкович райондук аткаруу комитети менен биргеликте уюштурулду. Бул иш-чара Жумаш Асаналиевдин эстелиги жайгашкан мемориалдык комплексинде өттү.

🗣️ Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Эрбол Султанбаев өз сөзүндө 30 миңге жакын кыргызстандык жоокерлердин Беларусьту бошотуу үчүн курман болгонун белгилеп, белорус элине кыргызстандык жоокерлердин элесин сактап калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

🌹 Иш-чаранын катышуучулары жоокерлердин эстелигине гүл коюп, мемориалдык комплекстин жанында кыргыз жоокерлерин эскерүү үчүн сквер отургузушту. Ошондой эле, эстелик тактасы орнотулду.

🤝 Бул иш-чара кыргызстандык жоокерлердин эрдигин жана алардын Улуу Жеңишке кошкон салымын эскерүүгө арналган.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x