

[adrotate_integration id=”2″]🔍 Бишкекте көмүр ишканаларында 0–13 мм фракциядагы чачылган көмүрдү киргизүү, сатуу, сактоо жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
📜 2025-жылдын 6-октябрындагы Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин №639 токтомуна ылайык, чачылган көмүрдү киргизүү, сактоо, сатуу жана колдонуу тыюу салынган.
🚫 Көмүр сатуу менен алектенген ишканалар токтомдун талаптарын катуу сактап, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырылды.
🧪 Министрликтин кызматкерлери радиациялык коопсуздук боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн көмүрдүн үлгүлөрүн алышты.
👥 Бул иш-чарага Бишкек жана Аламүдүн районунун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, Экологиялык мониторинг департаментинин өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
🌍 Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу, майда фракциядагы көмүрдүн күйүүсүнөн пайда болгон зыяндуу заттардын жана чаңдын жайылышын азайтуу, жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин минималдаштыруу максатында ушундай рейддик жана түшүндүрүү иш-чаралары улантылат.






