🚌 Бишкек шаарынан аймактарга май майрамдарына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү.
🚐 30-апрелде Бишкек автобекетинен 3500дөн ашуун адам Нарын жана Ысык-Көл облустарына жөнөп кетти.
📈 Жеке маршруттук таксилер Бишкекке кайтып келбей, жол кирени жасалма түрдө көтөрүү аракеттери байкалган.
🚍 Бишкек мэриясы маселени чечүү үчүн 10 автобус бөлүп, Бишкек — Балыкчы багытына жөнөттү.
👮 Автобустар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн мэрия жана ГУОБДД кызматкерлери менен коштолууда.
🚖 Нарын жана башка аймактарга жүргүнчүлөрдү жеткирүү үчүн кошумча маршруттук таксилер тартылды.