🚻 Бишкек шаарынын мэриясы “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул документ жарандардын коомдук тамактануу жана тейлөө объекттериндеги санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга) эркин жана акысыз кирүүсүн камсыздоого багытталган.
🧼 Инициатива санитардык маданиятты жогорулатуу, калктын саламаттыгын коргоо жана элементардык санитардык кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү түзүү максатында иштелип чыккан.
🚪 Кафелерде, соода борборлорунда жана башка коомдук объекттерде дааратканаларга кирүүнү чектөө жарандардын, айрыкча аялуу катмарлардын – карылар, балдар, кош бойлуу аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын негизги санитардык укуктарын бузат.
🔑 Мыйзам долбоору коомдук объекттердин ээлерин жана ижарачыларын бардык адамдарга, ошол жайдын кардары болбосо да, дааратканаларга тоскоолдуксуз жана акысыз кирүүнү камсыздоого милдеттендирет.
💸 Акы төлөнүүчү санитардык объекттердин болушу коммерциялык кызмат көрсөтүү үчүн атайын каралган учурларда гана сакталат.
⚠️ Дааратканаларды код менен жабуу жана пайдалануу үчүн акы алуу учурлары негизсиз тоскоолдуктарды жаратып, коомдук саламаттыкка терс таасирин тийгизет. Табигый физиологиялык муктаждыктарды өз убагында канааттандырбоо заара-жыныс жана тамак сиңирүү системаларынын ооруларына алып келиши мүмкүн.
📜 Долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын саламаттыкты сактоо, жагымдуу чөйрө жана адамдык кадыр-баркты коргоо укуктарын кепилдеген беренелерине ылайык иштелип чыккан. Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Норманын аткарылышы коомдук объекттердин ээлерине жана ижарачыларына жүктөлөт.
🚽 Бишкек мэриясы шаарда бюджет жана жеке өнөктөштөрдүн инвестицияларынын эсебинен коомдук дааратканалардын курулушу жана орнотулушу жүрүп жатканын, бирок бул чаралар борбордун өсүп жаткан калкынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз экенин эске салды.
🌍 Поправка Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ), Бириккен Улуттар Уюмунун калктуу конуштар программасынын (ООН-Хабитат) жана № 6 “Таза суу жана санитария” туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келет.
🔄 Мыйзам кабыл алынса, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жаңы талаптарга ылайыкташтырылат.






