🛑 Бишкекте «Сейтек STEM» мектебинде тамактан уулануу фактысы боюнча бардык зарыл чаралар көрүлдү.
👩🏫 Мэриянын маалыматына ылайык, вице-мэр Виктория Мозгачева мектептин директору менен жолугушуп, санитардык нормаларды бузууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү жүргүздү.
👨👩👧👦 Вице-мэр ошондой эле ууланган окуучулардын ата-энелери менен жолугушууда болуп, учурдагы кырдаал тууралуу маалымат алды.
📋 Мэрия билим берүү мекемелерине тамактануу эрежелерин катуу сактоону тапшырды, менюдан эч кандай өзгөртүүлөргө жол берилбейт.
🔍 Мектептердин жетекчилери окуучулардын тамактануу сапаты жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырылды.
🚑 «Сейтек STEM» мектебинде 84 адам ууланган, алардын 10 бала жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылды, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.
⚠️ Мэрия тамактануудан келип чыккан көйгөйлөргө убагында жооп берүү зарылдыгын белгиледи.










