Бишкек мэриясы менен «Элдик Банк» кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана «Элдик Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев инновациялык төлөмдөрдү киргизүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

[adrotate_integration id=”2″]

📄 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана “Элдик Банк” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

🤝 Бул меморандумдун алкагында Бишкек шаарынын инфраструктурасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык жолдорун киргизүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.

📱 Алгачкы этапта муниципалдык менчиктеги унаа токтотуучу жайларга QR-коддорду орнотуу каралган.

🔄 Тараптар узак мөөнөттүү кызматташууга жана башка мүмкүн болгон долбоорлорго үмүт артып жатышат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x