


🎉 Бишкек шаарынын мэриясында өткөн жыйында Жеңиш күнүн майрамдоого даярдык көрүү жана шаардагы коомдук-саясий абалды талдоо талкууланды.
🚦 Майрамдык иш-чаралардын 2-7-май аралыгында өтүшүнө байланыштуу шаар көчөлөрүндө кыймылдын жогорулашы күтүлүүдө. Жарандарга жол тыгындарынан качуу үчүн маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту пайдалануу сунушталат.
👮 Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына майрам күндөрү адамдар көп топтолгон жерлерде коомдук тартипти камсыз кылуу тапшырылды.
🛡️ Муниципалдык администрациялардын кызматкерлери дем алыш жана майрам күндөрү нөөмөттө турушат.
🍽️ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна Жеңиш аянтында жана башка эл көп топтолгон жерлерде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин санитардык нормалардын сакталышын текшерүү тапшырылды.
🤝 Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды иш-чаралар учурунда мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.