🚆 Кыш мезгилинде Бишкек-Москва жүргүнчү поезди кайрадан каттайт.
📅 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын адистери сентябрь айынын башында Москвада өткөн КМШ мамлекеттеринин темир жол администрацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.
🤝 Жолугушуунун жыйынтыгында орус жана казак темир жолдору менен 2024-жылдын 18-декабрынан баштап жумасына эки жолу каттай турган Бишкек-Москва поездинин каттамын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
🚉 Эске сала кетсек, 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоого байланыштуу Самарага поезд каттамы кыскарган.
🗓️ 2025-жылы да Бишкек – Казань багыты боюнча жумасына бир жолу жана Бишкек – Новосибирск сегиз күндө бир жолу каттамдар улантылат.
💰 Сатуулардын башталышы жана билеттердин баасы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.