Бишкек-Ош жолунда автобустардын кыймылы 2026-жылдын 1-майына чейин чектелди

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге даярдоого чакырат. 15-октябрдан баштап Ош-Бишкек багытында жүргүнчү ташуучу транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилет.

🚗 Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык бардык айдоочуларды, айрыкча алыскы жана тоолуу аймактарга барууну пландагандарды, унааларын кышкы сезонго алдын ала даярдоого чакырат.

❄️ Кышкы аба ырайы унаалардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Жолдо коопсуз жүрүү үчүн жайкы шиналарды кышкыга алмаштыруу, мотор майын өз убагында жаңыртуу жана унаанын жалпы техникалык абалын текшерүү сунушталат.

🔧 Бул чараларды көрүү жол кырсыктарын азайтууга жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.

🚫 2025-жылдын 15-октябрынан 2026-жылдын 1-майына чейин Ош — Бишкек маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилет. Автобустар жана маршруттук транспорт каражаттары «Сосновка» көзөмөл-өткөрүү пунктунан өткөрүлбөйт.

🚙 Кышкы эксплуатация талаптарына жооп бербеген жеке унаалар да кыймылга чыгарылбайт.

⚠️ Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айдоочуларды бул маалыматты эске алып, сапарларды пландоодо коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген