Бишкек шаардык патрулдук милициясы скутерге урунуп, качып кеткен айдоочуну кармады.

Бишкек милициясы жол кырсыгынан качып кеткен айдоочуну кармады. Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу скутеристти сүзүп, качып кеткен. 2-октябрда айдоочу аныкталып, кармалды.

[adrotate_integration id=”2″]

🚓 Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочу кармалды.

📹 19-сентябрда Фрунзе жана Веселая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы социалдык тармактарда видеого түшүрүлүп, байкалган.

🚗 Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу скутеристти сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

👮‍♂️ Патрулдук милиция окуяны каттап, алдын ала тергөө иштерин баштады.

🔍 Оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, 2-октябрда айдоочу аныкталып, кармалды. Ал 2009-жылы туулган өспүрүм А.У. болуп чыкты.

⚖️ Ага карата бардык зарыл протоколдор түзүлүп, мыйзам бузуу боюнча чаралар көрүлдү.

📢 УПСМ жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоо зарылдыгын эскертет жана алардын бузулушу үчүн жоопкерчилик бар экенин билдирет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген