
[adrotate_integration id=”2″]🚌 Бишкекте 2025-жылдын 2-сентябрынан тартып №1 автобустун маршруту өзгөртүлдү.
📍 Мэриянын маалыматы боюнча, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейин жүрчү.
🌆 Шаар тургундарынын жана жакынкы аймактардын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде, эми маршрут Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, А. Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү аркылуу өтөт.
🚏 Бул өзгөртүү шаардык транспорт системасын жакшыртып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган.






