

[adrotate_integration id=”2″]🔍 Бишкекте мурдагы бала бакчанын жери мыйзамсыз менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
🏢 1953-жылы курулган эки кабаттуу бала бакча жана чарбалык курулуштар жайгашкан 30 сотых жер тилкеси 1990-жылдары жеке менчикке берилген.
📜 Кыргыз Республикасынын 1992-жылдагы №1074-ХII мыйзамына жана 1995-жылдагы Президенттин №УП-37 Указына ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.
🏗️ Азыркы учурда бул жер тилкесинде үч 10 кабаттуу блоктон турган турак-жай комплекси курулууда жана аларды бузуу жана жер тилкесин бошотуу максатка ылайыктуу эмес деп табылган.
🏠 Мыйзамсыз менчиктештирилген жердин наркын эске алуу менен, мамлекетке келтирилген зыянды компенсациялоо үчүн жалпы аянты 600 чарчы метрди түзгөн 7 батир алынган.
🔍 ГКНБ КР мамлекеттик социалдык объекттерди мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүнү аныктоо жана кайтаруу боюнча иштерди улантууда.






