🏍️ Бишкекте 11-сентябрдан тарта “Мотоциклдин айдоочусу” рейддик иш-чарасы башталды.
🚓 Акциянын жүрүшүндө айдоочуларынын тиешелүү документтери жок 568 мотороллер жана мопеддер кармалды.
📄 Кармалгандардын жалпы санынын ичинен 149 айдоочу кыймылдаткыч көлөмү боюнча белгиленген нормаларга жооп бербеген документтерди көрсөткөн.
⚖️ Транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузган 112 айдоочуга протокол түзүлдү.
🔍 Учурда 307 айдоочу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.
🚦 Патрулдук милиция бардык жол кыймылынын катышуучуларын эрежелерди так сактоого чакырат.