[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Бишкек шаарында Абдрахманов көчөсүндөгү 176-үйдө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду.
🔍 Текшерүү учурунда көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында тиешелүү уруксат кагаздарысыз курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканы аныкталды.
🚫 Объект тиешелүү тартипте кайра профилдештирилген эмес, бул шаар куруу нормаларын бузуу болуп саналат.
💸 Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери токтотулуп, жооптуу адамга 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
📄 Бузуулардын жоюлушу жана керектүү документтердин тапшырылышы боюнча көрсөтмө берилди.





