Бишкек шаарынын курама командасы республикалык «Манас оюндары» оюндарында жеңишке жетти

Бишкек шаарынын командасы Баткенде өткөн "Манас оюндары" республикалык мелдешинде эң мыкты спортчуларды жеңип, биринчи орунду ээледи. Команда кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол сыяктуу спорттун түрлөрүндө жогорку чеберчиликтерин көрсөттү.

[adrotate_integration id=”2″]

🎉 Бишкек шаарынын командасы республикалык “Манас оюндары” оюндарында жеңүүчү болду.

🏆 11-13-октябрда Баткен шаарында өткөн “Манас оюндары” республикалык оюндарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген мыкты спортчулар күч сынашты.

🥋 Оюндардын программасына кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, айкүр (канталамай), салбуурун, жаа атуу, табак атуу жана ат үстүндө жаа атуу сыяктуу салттуу спорт түрлөрү кирди.

🥇 Бишкек шаарынын командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, дээрлик бардык дисциплиналарда байгелүү орундарды ээлеп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылды.

📈 Бишкек шаарынын жыйынтыктары: кыргыз күрөшү — 1-орун (жигиттер), 1-орун (кыздар); ордо — 1-орун; тогуз коргоол — 1-орун; айкүр (канталамай) — 2-орун; жаа атуу — 1-орун (кыздар, 40 м), 1-орун (жигиттер, 50 м); табак атуу — 3-орун; ат үстүндө жаа атуу — 3-орун.

🏅 Шаардык командасынын жеңиши Бишкектеги улуттук спорт түрлөрүнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн жана спортчулардын жогорку мотивациясынын далили болуп калды.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген