🇰🇷 Бишкек шаарынын мэри Корея Республикасынын элчиси менен жолугушуп, кызматташууну талкуулады.
🌱 Экология жана борбордун жашыл фондун жакшыртуу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
🤝 Мэр Айбек Жунушалиев Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча “KOICA” агенттиги менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
🌳 Жолугушууда Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркын өнүктүрүү маселеси да көтөрүлдү.
🔗 Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти.