Бишкек шаарынын мэри объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жогору баалады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев отканалардын жана шаардын инфраструктурасынын 2024-2025-жылдардын кышкы мезгилине даярдыгын текшерди. Жумушчулардын эмгек шарты жана алардын маянасын жогорулатуу, ошондой эле жылуулук менен камсыздоону модернизациялоо боюнча маанилүү иштердин бүткөрүлүшү талкууланды.

🔥 Бишкек шаарынын мэри шаардын инфраструктурасынын кышка даярдыгын текшерди.

🏭 Текшерүү учурунда шаар мэри Айбек Жунушалиев негизги объектилерди, анын ичинде “Манас” жана “Жал” отканаларын, ошондой эле Новопавловка айылындагы билим берүү мекемелерин кыдырды.

💼 Мэр мекеме-ишканалардын жумушчуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырып, алардын эмгек акысын жогорулатуу маселесин талкуулады.

🔧 “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын директору У.Айтиев морлорду алмаштыруу иштери аяктагандыгын жана жаңы жети откана ишке берилгенин, ошондой эле жылуулук менен камсыздоону башкаруу боюнча бирдиктүү диспетчердик кызмат түзүлгөнүн билдирди.

🌨 Бишкек шаар тургундарын ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылып, күз-кыш мезгилине кызуу даярдык көрүүдө.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x