Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды: Шаар бийлиги инвесторлорго кайрылды.

Бишкек шаарынын мэриясы инвесторлорду мыйзамды сактоого жана коррупциядан алыс болууга чакырат. Стратегиялык долбоорлор мыйзам чегинде ишке ашырылып, шаарга 1 млрд доллар инвестиция тартылган.

🌆 Бишкек шаарынын мэриясы акыркы коомдук резонанс жараткан окуяларга байланыштуу инвесторлор менен ачык кызматташууга жана аларга кайрылууга даяр экенин билдирет.

👮‍♂️ Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиев пара алуу боюнча кармалды. Ага каршы кылмыш иши козголуп, ал $35 миң доллар өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн кайтарып жаткан учурда кармалды.

📢 Мэрия инвесторлорду коррупциялык иштерге аралашпоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барууга чакырат. Прозрачный жана мыйзамдуу кызматташтык гана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

🏗 Бишкек мэриясы бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, алардын арасында: Кыргызстанда биринчи жолу электр энергиясын өндүрүүчү таштанды өрттөөчү завод куруу, мурдагы “Ак-Кула” ипподромунун аймагын өнүктүрүү жана шаардын тазалоо курулмаларын модернизациялоо бар.

💼 Бишкекке тартылган жалпы инвестициялардын суммасы 3 миллиард АКШ долларын түзөт, анын ичинен мэрия тарабынан 1 миллиард доллар тартылган.

📞 Эгерде сиз долбоорду ишке ашыруу учурунда мыйзамсыз аракеттерге, анын ичинде пара талап кылуу же башка коррупциялык көрүнүштөргө туш болсоңуз, мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө же укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Бишкек мэриясы инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x