🌿 Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.
🚗 Жыйынга энергетика, транспорт министрликтери, Бишкек мэриясы, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы, экология жана техникалык көзөмөл кызматы, ошондой эле «Унаа» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
📊 «Газпром Кыргызстан» өлкөнү газдаштыруу иштери боюнча кеңейтилген презентация өткөрдү, ал эми «Унаа» автотранспорт каражаттарынын техникалык абалы боюнча аналитикалык маалыматтарды берди.
🌬️ Аба булганышынын негизги себептери, автотранспорттун зыяндуу заттарды чыгарылышы жана аларды азайтуу чаралары талкууланды. 2026–2027-жылдарга абанын сапатын жакшыртууга багытталган максаттуу иш-чаралар сунушталды.
📈 Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга булгануунун булактары боюнча аналитикалык маалыматтарды жаңыртуу, автотранспорттун чыгарын азайтуу боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы көзөмөл механизмдерин күчөтүү тапшырылды.
🤝 Министр Медер Машиев ведомстволор аралык тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, транспорт министрлигине автомобиль секторуна тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
🔍 «Текшерилген жана ишенимдүү аналитикалык маалыматтар гана абанын сапатын коргоо жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча системалуу чечимдердин негизин түзөт», — деди Машиев.






