🔋 Бишкек шаарынын электр энергиясы менен камсыздоо системасы кышкы мезгилге даярдык иштерин активдүү аяктап жатат.
🔧 2025-жылдын башынан бери 102 трансформатордук подстанция жана 6 км аба электр чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
⚙️ 567 трансформатор жана 236 км аба электр чубалгыларына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.
🔌 2 км ашуун кабель чубалгылары оңдолду жана 5 жаңы комплекттүү бөлүштүрүүчү трансформатордук подстанциялар орнотулду.
🏗️ 60 эски опора жаңы темир-бетондук опораларга алмаштырылды жана 1,6 км аба чубалгылары заманбап СИП-2 зымдары менен жаңыртылды.
📈 Учурда Бишкек шаарынын Чыгыш электр энергиясы менен камсыздоо системасынын кышкы мезгилге даярдыгы 96% түзөт.






