🚚 Балыкчы шаарынан чыккан автоколонна Кара-Кече көмүр кенине Бишкек ТЭЦин үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо максатында жөнөп кетти.
⛏️ Учурда техникалар Кара-Кече аймагына жетип, жүктөө иштерин баштоого даярдык көрүүдө.
🔥 Республиканын кендеринен үзгүлтүксүз көмүр жеткирүү Бишкек ТЭЦин алдыдагы жылытуу мезгилине өз убагында даярдоого жана борбор калаанын тургундарын туруктуу жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
🛡️ «Кыргызкомур» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо мамлекеттик тапшырмаларды аткарууну улантууда.






