🌧️ Пекинде катуу жааган жамгыр шаарды таң калтырды. Кытайдын борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
🚨 24-июлдан бери жааган жамгыр Миюнь суу сактагычында тарыхый деңгээлдеги суу ташкынга алып келди. Суу сактагыч 1964-жылы курулган, бирок азыркыдай суу ташкыны мурда болгон эмес.
🌊 Пекиндеги жаан-чачындын орточо жылдык көрсөткүчү эки, ал тургай үч эсеге көбөйдү. Шаарда эң жогорку деңгээлде, кызыл деңгээлде кооптуулук жарыяланды.
🏃♂️ Пекиндеги сел жана жер көчкү коркунучунан улам үч миңден ашуун адам эвакуацияланды. Фупин аймагында бир сааттын ичинде 145 миллиметр жаан жаады.
⚡ Миюнь аймагында электр энергиясы жана байланыш үзгүлтүккө учурады. Баодинде бир түндө жылдык жаан-чачындын нормасы (540 миллиметр) жаагандыктан, 46 миң адам жабыркап, 4,6 миң адам эвакуацияланды.
🌪️ Пингу, Хуайжоу, Шуньи жана Фаншань райондорунда да суу ташкыны коркунучу бар.
🚗 Юньнань провинциясында жер көчкү шоссе жолун жаап, беш адамды көөмп салды.






