Бишкекте өспүрүм скутер менен бара жатып автоунаанын алдында калды

Бишкекте 8-июнда «Томми-Мол» соода борборунун жанында белгисиз айдоочу автоунаасы менен электросамокатта жүргөн өспүрүмдү сүзүп кетти. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, айдоочу кармалды.

[adrotate_integration id=”2″]

🚨 Бишкек шаарында 8-июнь күнү эртең менен “Томми-Мол” соода борборунун жанында жол кырсыгы катталды.

🛴 Белгисиз айдоочу унаа токтотуучу жайдан чыгып бара жатып, электросамокатта жүргөн өспүрүмдү сүзүп кеткен.

🚑 2009-жылы туулган жаран А.А. жабыркап, дароо медициналык мекемеге жеткирилген.

🚓 Патрулдук милициянын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Mercedes-Benz Sprinter 315 унаасын жана анын айдоочусу, 2002-жылы туулган Т.у.Т. аттуу жаранды кармашты.

📝 Окуя Бишкек шаарынын ИИБ Жол кыймылынын автоматташтырылган маалымат системасында катталып, жол кырсыгын иликтөө бөлүмү алдын ала тергөө иштерин баштады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды, ал эми унаа айып унаа токтотуучу жайга коюлду.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген